Институт Математики

picma.ru | 1joomla.ru
Бөрүбаев Алтай Асылканович PDF Басып чыгаруу E-mail
borubaev

Академик Бөрүбаев Алтай Асылканович, физико-математикалык илимдердин доктору, профессор, 150 ашуун илимий жана илимий-методикалык иштердин, булардын ичинде 8 монографиянын, 6 окуу китебинин автору.

 

Илимий даража жана илимий наам:

1991 - физико-математикалык илимдердин доктору илимий даражасы ыйгарылган:

1992 - профессор илимий наамы берилген;

1993 - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган;

2000 - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү (академиги) болуп шайланган.

 

Эмгек жана илимий ишмердигинин негизги учурлары:

1975-1992 - мугалим, кафедра башчысы, мехмат факультеттин деканы, КМУнун илим боюнча проректору

1992-1994 - Кыргыз Республикасынын билим Министринин биринчи орун басары.

1994-1998 - И.Арабаев атындагы КМПУнун ректору

1998-2000 - Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору

1998-2005 - КР ЖК эл өкүлдөр жыйынынын эки чакырылышынын депутаты.

2000-2005 - КР ЖК эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы.

2005-2013 - Кыргыз Республикасынын Улуттук (Жогорку) аттестациялык комиссиясынын төрагасы

2013 - жылдан бери - Кыргыз Республикасынын окумуштуулар Союзунун Президенти.

201З -2016 - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти.

2016- жылдан бери - Кыргыз Республикасынын Улуттук математика Институтунун директорунун милдетин аткаруучу, директору.

 

Сыйлыктар жана ардактуу наамдар:

1981 - Кыргызстандын Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты.

1995 - "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы берилген.

1998- 2002 - Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты.

2001- "Кыргыз Республикасынын биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси" ардактуу наамы берилген.

2003 - И.К.Ахунбаев атындагы Академиялык сыйлыктын лауреаты.

 

Эл аралык сыйлыктары:

Карл университетинин алтын медалы (2003-ж., Прага ш., Чехия)

"Дүйнөлүк илимге кошкон зор салымы үчүн " алтын медалы, эл аралык сыйлык ыйгаруу менен, А.А. Бөрүбаевдин ысмы XXI кылымдагы дүйнөнүн көрүнүктүү окумуштууларынын аты катталган тизмеге кийирилген. (Эл аралык Сократ Комитети - 2013-ж. Оксфорд. Улуу Британия).

КМШнын ПААнын «Содружество» орденинин кавалери (2002-ж.).

КМШ "Кызматташтык жылдызы" Мамлекеттер аралык сыйлыгын лауреаты (2017-ж.).

 

Эл аралык илимий ишмердик:

Дүйнөнүн 30 дан ашуун мамлекеттеринде өткөн эл аралык илимий конференцияларда лекция окуган жана докладдар жасаган.

Эл аралык илимий таанылуу:

  • Мейкиндиктер теориясына кошкон салымы үчүн, окумуштуулар тобунун сунушу менен, академик А.А. Бөрүбаевдин урматына Москва эл аралык обсерваториясы жылдыздардын бирине «АЛТАЙ» атын ыйгарган (2001-ж.)
  • М.В.Ломоносов атындагы ММУнин (2011-ж.) жана бир катар университеттердин ардактуу профессору
  • Түрк дүйнөсүнүн математика коомунун Президенти (2014-2017 жылдар)

 

 
Институт Институт Директор Института

2019 ©  Математика Институту