Бөрүбаев Алтай Асылканович |
Эмгек жана илимий ишмердигинин негизги учурлары: 1975-1992 - мугалим, кафедра башчысы, мехмат факультеттин деканы, КМУнун илим боюнча проректору 1992-1994 - Кыргыз Республикасынын билим Министринин биринчи орун басары. 1994-1998 - И.Арабаев атындагы КМПУнун ректору 1998-2000 - Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору 1998-2005 - КР ЖК эл өкүлдөр жыйынынын эки чакырылышынын депутаты. 2000-2005 - КР ЖК эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы. 2005-2013 - Кыргыз Республикасынын Улуттук (Жогорку) аттестациялык комиссиясынын төрагасы 2013 - жылдан бери - Кыргыз Республикасынын окумуштуулар Союзунун Президенти. 201З -2016 - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти. 2016- жылдан бери - Кыргыз Республикасынын Улуттук математика Институтунун директорунун милдетин аткаруучу, директору.
Сыйлыктар жана ардактуу наамдар: 1981 - Кыргызстандын Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты. 1995 - "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы берилген. 1998- 2002 - Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты. 2001- "Кыргыз Республикасынын биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси" ардактуу наамы берилген. 2003 - И.К.Ахунбаев атындагы Академиялык сыйлыктын лауреаты.
Эл аралык сыйлыктары: Карл университетинин алтын медалы (2003-ж., Прага ш., Чехия) "Дүйнөлүк илимге кошкон зор салымы үчүн " алтын медалы, эл аралык сыйлык ыйгаруу менен, А.А. Бөрүбаевдин ысмы XXI кылымдагы дүйнөнүн көрүнүктүү окумуштууларынын аты катталган тизмеге кийирилген. (Эл аралык Сократ Комитети - 2013-ж. Оксфорд. Улуу Британия). КМШнын ПААнын «Содружество» орденинин кавалери (2002-ж.). КМШ "Кызматташтык жылдызы" Мамлекеттер аралык сыйлыгын лауреаты (2017-ж.).
Эл аралык илимий ишмердик: Дүйнөнүн 30 дан ашуун мамлекеттеринде өткөн эл аралык илимий конференцияларда лекция окуган жана докладдар жасаган. Эл аралык илимий таанылуу:
|